Казакстандагы "Көчмөндөр ааламы" фестивалы соңуна чыкты

Казанат иподромунда өткөрүлгөн фестивалга Болгария, Азербайжан, Түркия, Иран, Түштүк Корея, Кыргызстан, Монголия, Казакстан жана Өзбекстандан командалар катышты.

1227581
Казакстандагы "Көчмөндөр ааламы" фестивалы соңуна чыкты

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда өткөн Эл аралык Этно-маданий фестивалы «Көчмөндөр ааламы» соңуна чыкты.

Казанат иподромунда өткөрүлгөн фестивалга Болгария, Азербайжан, Түркия, Иран, Түштүк Корея, Кыргызстан, Монголия, Казакстан жана Өзбекстандан командалар катышты.

Фестивалдын экинчи жана акыркы күнүндө да жаа атуу, күрөш жана башка салттык спорттук мелдештер өткөрүлүп, колго жасалган буюмдар, тери, күмүш жана башка үлгүлөр көрсөтүлдү.

Келгендер чүкө, аркан тартмай жана тогуз коргоол ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, балдар үчүн куурчак театрынын оюндары көрсөтүлдү.

Түркиядан өкүлдүк кылган «Ордугах тарыхый чагылдыруу командасы» фестивалдын экинчи күнүндө да 15-16-кылымдарга таандык тарыхый чагылдырууларды ишке ашырды.

Команданын башчысы Ибрахим Келеш, билдирүүсүндө тарыхый чагылдыруунун көрүүчүлөр тарабынан чоң кызыгуу тапканын белгилеп, «Бүткүл дүйнөгө Осмон маданиятын, аталарыбызды ушундай түрдө көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн таптык. Ошон үчүн Казакстанга бизге мүмкүнчүлүк бергени үчүн ырахмат айтабыз»,-деди.

Тарыхта көчмөн турмушта жашаган элдердин маданиятын чагылдырууну максаттаган фестиваль 2016-жылдан бери өткөрүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар