Элчи К.Өмүралиевдин Стамбулдагы мекендештер менен жолугушуусу
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Стамбул шаарындагы кыргыз диаспорасы менен жолугушуусу болуп ѳттү.
2019-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Стамбул шаарындагы кыргыз диаспорасы менен жолугушуусу болуп ѳттү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери да катышты.
Элчи жарандардын Түркияда болуу шарттарын жөнөкөйлөтүү, Түркияда болуудагы эрежелер, Элчиликтин иштери боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, консулдук кызмат кѳрсѳтүү жана маданий-гуманитардык иш-чаралар тууралуу маалымат берип кетти. К.Өмүралиев Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан уюштурулган ар кандай иш-чараларга диаспорасынын активдүү катышуусуна жана бири-бири менен тыгыз кызматташуусуна чакырды. Жолугушууда конструктивдүү түрдѳ диалог болуп, диаспора тарабынан ар кандай сунуштар айтылды.
Жолугушуу достук маанайда болуп өттү.