Элчи К.Өмүралиев Түркиянын Улуттук коргоо министри менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо Министри Хулуси Акар менен жолугушуусу болуп ѳттү.

1223604
Элчи К.Өмүралиев Түркиянын Улуттук коргоо министри менен жолукту

2019-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо Министри Хулуси Акар менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Элчи К.Өмүралиев түрк тарабынын Кыргыз Республикасына аскердик-техникалык, ошондой эле аскердик кадрларды даярдоодо берген жардамдары үчүн ыраазычылыгын жана Түркиянын аскердик окуу жайларында билим ала турган кыргыз курсанттарынын санын кѳбѳйтүү боюнча ѳтүнүчүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку квалификациялуу аскердик корпусун даярдоо максатында, К.Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунун тез арада куруу зарылчылыгын белгиледи. Министр Х.Акар бул маселенин ишке ашаарын айтып ѳттү.

К.Өмүралиев аталган институт достуктун символу болуп, эки тараптуу мамилелердин өнүгүп өсүшүнө түрткү болоорун билдирди.

 



Тектеш кабарлар