ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйыны өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчыларын Конгресс-холлдун имаратында тосуп алды.
![ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйыны өтүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/42eb/0a99/84dc/5d0354aaec2b1.png?time=1719196245)
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 14-июнда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчыларын Конгресс-холлдун имаратында тосуп алды.
Бирге сүрөткө түшүү аземинен соң делегация башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына багыт алышты.
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев катышууда.
Булак: КТРК