Казакстандын президенти Белорусиянын жана Кыргызстандын президенттери менен жолугушту

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Евразия Жогорку Экономикалык Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Казакстанга барган Сооронбай Жээнбеков жана Александр Лукашенко менен жолугушту.

1209925
Казакстандын президенти Белорусиянын жана Кыргызстандын президенттери менен жолугушту

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Евразия Жогорку Экономикалык Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Казакстанга барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Белорусиянын президенти Александр Лукашенко менен өз – өзүнчө жолугушту.

Токаев менен Жээнбековдун жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу жана эл аралык уюмдардын негизинде таасирлешүү темалары каралды. Токаев Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда кызматташуунун күчтөнгөндүгүн белгилеп : «Биз өкмөттөр жана парламенттер аралык деңгээлде байланышып жатабыз, эл аралык жана аймактык уюмдарда аракеттерибизди координациялап жатабыз. Көз карандысыздык жылдары курулган жаңы карым  - катнаштарыбызды дагы да күчтөндүрүү үчүн колумдан келгенди аткарам»,- деди.

Жээбеков да коңшу жана бир тууган Казакстан менен кызматташууну күчтөндүрүүнү каалагандыгын айтып, өкмөттөр аралык жол картасынын ишке ашышы тууралуу иштердин аткарылгандыгына көңүлдөрдү бурду.

Токаев Лукашенко менен жолугушуусунда да Белорусиянын ийгиликтерин жана өнүгүшүн жакындан иликтегендигин айтып, Лукашенконун көптөгөн жылдар президент катары иштегендигин жана өлкөсүнүн потенциалы менен кадыр  - баркынын күчтөнүшү үчүн колунан келген бардык нерсени аткаргандыгын белгиледи.

Лукашенко болсо Казакстанда болгон саясий процесстерди оң кабыл алгандыгын жана Нурсултан Назарбаев менен Токаевдин көз карандысыз Казакстандын түзүлүшүндө маанилүү роль ойногондугун айтты.

Эки өлкө карым  - катнаштарынын ар дайым жакшы болорун белгилеген Лукашенко Токаевге кайрылып : «Сиз менен кызматташууда алдыга жылуунун болоруна ишенем»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар