КР Тышкы иштер министри Айдарбековдун Түркиядагы жолугушуулары башталды
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу боюнча КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркияга расмий сапары башталды.
1196009
![КР Тышкы иштер министри Айдарбековдун Түркиядагы жолугушуулары башталды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/666c/24fd/84e1/5cd0323b4c1ce.jpg?time=1718967820)
![KIRGIZ DIS ISLER BAKANI C.AYDARBEKOV2.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7429/c2bc/6e19/5cd0333730b6b.jpg?time=1718967820)
![KIRGIZ DIS ISLER BAKANI C.AYDARBEKOV3.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0e66/d572/b55b/5cd0333a1bc7e.jpg?time=1718967820)
Бүгүн 6-майда, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу боюнча КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркияга расмий сапары башталды.
Сапардын алкагында министр Ч.Айдарбеков, Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугуп, эки өлкөнүн аскердик кызматташуусун өнүктүрүү боюнча маселелерди карап чыгышты.
Айдарбеков, бүгүн кечинде Түркиядагы диаспора өкүлдөрү, мекендештер менен жолугат.