Өзбекстан менен Тажикстандын арасындагы «Бабатаг» чек ара капкасы ишке кирди

Тажикстандын Чек араны коргоо бөлүктөрүнүн басма сөз кеңсесинен берилген маалыматка караганда кайрадан ишке кирген чек ара капкасынын ачылышы тууралуу азем уюштурулду.

1156765
Өзбекстан менен Тажикстандын арасындагы «Бабатаг» чек ара капкасы ишке кирди

Өзбекстан менен Тажикстандын арасындагы «Бабатаг» чек ара капкасы, көпкө созулган жаап коюудан кийин кайрадан ишке кирди.

Тажикстандын Чек араны коргоо бөлүктөрүнүн басма сөз кеңсесинен берилген маалыматка караганда кайрадан ишке кирген чек ара капкасынын ачылышы тууралуу азем уюштурулду.

Ар бир эки өлкөдөн көп сандаган атуул да орун алган аземде, Өзбекстандын Чек араны коргоо бөлүгүнүн командири Руслан Мирзайев менен Тажикстандын Чек араны коргоо бөлүгүнүн командири Ражапали Рахманали да катышты.

Аземде өлкөнүн Өзбекстан менен чек арасындагы «Бабатаг» чек ара өткөөл пункту кайрадан тейлөөгө киргизилди.

Аты аталган чек ара өткөөл каалгасы Тажикстандын Хисар жана Өзбекстандын Сариазия райондорун туташтырып турат.

Тажикстандын президенти Имамали Рахмон өткөн жылы Өзбекстанга жасаган сапары убагында президент Шавкат Мирзиеев менен болгон жолугушуусунда «Бабатаг» чек ара капкасынын ачылуусу тууралуу келишим түзгөн.

Өткөн жылы өзбекстан менен Тажикстандын арасындагы «Картепа», «Кушкент», «Учтурган», «Хавастабад», «Бекабад», «Пап», «Рават», «Гүлбахар» автожолдору менен «Амузанг» темир жолунун чек ара капкалары көпкө созулган мөөнөттөн кийин кайрадан ишке кирген.

Тажикстан кургусу келген гидроэлектр станциясына Өзбекстандын каршы чыгуусунун себебинен эки өлкөнүн ортосунда келишпестиктер пайда болгон жана ушул боюнча 2005-2008-жылдар аралыгында айрым чек ара капкалары жабылган.



Тектеш кабарлар