Хожалы кыргыны Бакуда эскерилди

Азербайжан калкы 27 жыл мурда Хожалыда армяндардын кыйноо менен өлтүргөн 613 азербайжандыкты эскериш үчүн борбор шаар Бакудагы Эне Айкырыгы эстелигине чубады.

1152937
Хожалы кыргыны Бакуда эскерилди

Азербайжанда армяндардын 1992-жылы 26-февралда кылган Хожалы кыргындарынын курмандары он миңдеген кишинин катышуусунда эскерилүүдө.

Азербайжан калкы 27 жыл мурда Хожалыда армяндардын кыйноо менен өлтүргөн 613 азербайжандыкты эскериш үчүн борбор шаар Бакудагы Эне Айкырыгы эстелигине чубады.

Азадлык аянтында чогулган он миңдеген азербайжан атуулдары, президент Илхам Алиев жана мамлекеттин жетекчилиги менен бирге Эне Айкырыгы эстелигин көздөй жүрүшкө чыкты. Түркиянын Бакудагы элчиси Эркан Өзорал, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) өкүлү Уфук Тургенер менен Түрк уюм жана мекемелеринин өкүлдөрү да катышкан жүрүштөн кийин Алев жана аны коштогондор эстеликке гүлчамбар койду. Расмий аземден кийин эстелик элдин зыярат кылуусу үчүн ачылды.

Колдорунда Азербайжан желектерин көтөргөн, кыргынга учурагандардын сүрөттөрү жана армян зулумдугуна каршы чыгуулар жазылган плакаттар менен эстеликке барган азербайжандыктар, курман болгондордун жаркын элестери үчүн гвоздика гүлдөрүн коюшту. Армяндардын 27 жыл мурда Тоолуу Карабахда, Хожалыда кылган кылмыштарына күбө болгондор, жакындарынан ажырагандар көз жаштары менен дуба кылышты.

Хожалыга 1992-жылдын 25-февралынан тарта үч багыттан кол салган армяндар, Советтик Орусия армиясынын 366-полкунун бардык унааларын колдонуп шаарды 2 саат бою замбирек жана танка менен аткылашты.Кол салуудан бир күн өткөн соң эч качан эстен кетпей турган «Хожалы кыргыны» калды.Расмий көрсөткүчтөргө караганда Хожалы кыргыныда коргоосуз абалдагы 106сы аял, 70и картаң, 63ү баладан турган 613 Азербайжан атуулу курман болгон.Кыргындан 487 киши оор жаралуу түрдө кутулду.Армян күчтөрү 1275 кишини туткунга алды, булардан 150дөн ашыгынын эмдигиче дайыны чыга элек.



Тектеш кабарлар