Кыргызстан Түркия менен Социалдык Коопсуздук Келишимин бекитти

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Анкарада  2018 -  жылы 9 -  апрелде Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн арасында кол коюлган Социалдык Коопсуздук Келишимди бекитти.

1136489
Кыргызстан Түркия менен Социалдык Коопсуздук Келишимин бекитти

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Анкарада  2018 -  жылы 9 -  апрелде Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн арасында кол коюлган Социалдык Коопсуздук Келишимди бекитти.  

Келишим Түркиядагы кыргызстандыктар менен Кыргызстандагы түрктөр үчүн пенсияга чыгуу укугун алуу башта болуу менен эки өлкөнүн арасында теңдик жана жеңилдиктин түзүлүшү күтүлүүдө.

Түркияда иштеген Кыргызстан жарандары менен Кыргызстанда иштеген түрк жарандары бир канча убакыттан бери кызыгуу менен күтүп жаткан келишим жумушчуларды камсыз кылуу жеңилдигин сунуштайт.

Бул келишим менен эки өлкөнүн жарандары жана жумушчуларынын социалдык коопсуздук укуктарынын өз ара аракеттенүү негиздеринин алкагында сакталышы жана ишеним астына алынышына мүмкүнчүлүк болот.

Ушул алкакта майыптык, картаюу, өлүм, иш кырсыгы жана кесиптик оорулары менен энелик камсыздоосун камтыган келишим тарап мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

Өлкөнүн социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Гулнура Жумабаева Кыргызстандын дүйнөдө эч бир өлкө менен Социалдык Коопсуздук Келишиминин болбогондугун жана ушундайча бул келишимдин Кыргызстан тарабынан биринчи жолу ишке ашырыларын белгиледи. Жумабаева эки өлкөнүн арасындагы Социалдык Коопсуздук Келишими долбоорунун даярдалышында жардам  жана «эки өлкөнүн жарандары тең укуктуу» деген ураан менен колдоо берген Түркиядагы иш алып баруу делегациясына рахмат айтты.

Келишимдин Кыргызстандын президенти тарабынан бекитилгендигин, Түркия тарабынын бекитүүсүн күтүп жатышкандарын белгилеген Жумабаева келишимден Кыргызстанда иштеп жаткан 700 түрк жаранынын пайдалана аларын айтты.



Тектеш кабарлар