Өзбекстандын өкмөт башчысы түрк ишкерлери менен жолгушуу өткөрдү

Абдулла Арипов, өлкөдө ишин жүргүзгөн түрк ишкерлери менен жолукту.

1068506
Өзбекстандын өкмөт башчысы түрк ишкерлери менен жолгушуу өткөрдү

 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, өлкөдө ишин жүргүзгөн түрк ишкерлери менен жолукту.

Премьер-министр Арипов, түрк ишкерлери менен адилет, туризм, саламаттык сактоо, салык, инновация, өнүгүү тармактары боюнча жооптуу министр жана жардамчылары менен башка жогорку рангадагы өзбек башкаруучулар катышкан жыйналыш өткөрдү.

Жыйналышта сөз сүйлөгөн Арипов; эки өлкөнүн президенттеринин эки жактуу сапарларынан кийин Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы карым-катнаштарга жаңы барак ачылганын белгилеп, түрк жарандарына виза жеңилдиги киргизилгенин, түрк ишкерлери менен ар түрдүү долбоорлордун ишке ашырылышына карай иштер уланганын айтты.

Арипов, Өзбекстанга сапар менен барган Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым менен болгон жолугушуусунда өлкөдөгү түрк ишкерлеринин жолугушуу талабы өзүнө билдирилгенин эске салып, ар дайым диалогго ачык түрк ишкерлерине ар түрдүү колдоону көрсөтүүгө даяр экендиктерин айтты.

Арипов: «Бул жыйналыштарыбыз пайдалуу болсо мындай жыйналыштарды туруктуу өткөрө алабыз. Өлкөгө келген ишкерлерге ар түрдүү колдоонун көрсөтүлүшү темасында президент Шавкат Мирзиеевдин атайын буйругу бар»,-деди.

Түркиянын Ташкенттеги элчиси Ахмет Башар Шен дагы түрк ишкерлер менен жолукканы үчүн Ариповго ырахматын айтты.


Этикеткалар: #Өзбекстандын

Тектеш кабарлар