Өзбекстандын президенти Францияда

Шавкат Мирзиеев президент болуп шайлангандан кийин биринчи Европа сапарын Францияга жасады.

1066863
Өзбекстандын президенти Францияда

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Францияга сапар менен барды. Шавкат Мирзиеев президент болуп шайлангандан кийин биринчи Европа сапарын Францияга жасады. Сапардын негизинде эки өлкөнүн ортосунда 10 келишим менен 5 миллиард евролук инвестиция келишимине кол коюлду.

Мирзиеев Франциянын президенти Еммануэль Макрон жана француз иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Мирзиеев менен Макрон эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык, Афганстандагы абал жана аймактык маселелерди карап чыгышты.

Жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосунда транспорт, туризм, аскердик, техникалык жардам, тынчтык максатында космостук изилдөөлөр, инвестиция, маданият жана башка тармактарда кызматташууну күткөн 10 келишимге кол коюлду.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2019 – 2020 -  жылдарга карата кызматташуу программасы менен экология жана маданият министрликтеринин ортосунда кызматташуу токтомдоруна кол коюлду.

Мирзиеевдин сапарынан мурда өткөрүлгөн иш форумда Өзбекстан менен Франция фирмаларынын ортосунда 5 миллиард евролук иш жана инвестиция долбоорлору тууралуу келишимдерге да кол коюлду.

Сапардын негизинде Франциядагы ишкерлер менен жолугушкан Мирзиеев француз фирмаларын инвестиция салуу үчүн өлкөсүнө чакырды.



Тектеш кабарлар