Эл аралык «Имам Матуриди» семинары

Анкарадагы Эл аралык «Имам Матуриди» семинарына Кыргызстандан дагы илимпоздор катышат.

1065571
Эл аралык «Имам Матуриди» семинары

Түрк дүйнөсүнүн парламентарлар фонду тарабынан 25-27-октябрь күндөрүнүн аралыгында борбор шаар Анкарада Эл аралык «Имам Матурриди» семинары өткөрүлөт.

Семинарда ислам дүйнөсүндө 10-кылымда башталган чоң агаруунун борборунда турган ислам ойчулу болгон Имам Матуридинин издери талкууланат, тарыхта болгону сыяктуу жаңы түрк-ислам цивилизациясын түзүү пикиринин негизи түптөлөт.

Семинарда Ислам дүйнөсүнүн маселелеринин как ортосуна түшүү, анализдөө жана ислам ой жүгүртүү тарыхына маанилүү салымдарды кошкон Абу Мансур ал-Матуридинин ой пикир жана көз караш дүйнөсүнүн иликтенүүсү максатталган.

Семинарга АКШ, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан 6, Түркиядан дагы 42 киши болуп бардыгы 48 илимпоз катышат.

Семинар үчүн «www.maturidi.org» интернет барагы тейлөөгө кирди.

Семинардын акырында маалымат жыйын менен түрк, англис, орус, араб,француз жана перс тилдеринде даярдалган жыйынтык билдирүүсү улуттук жана эл аралык медиа менен бөлүшүлөт.

Семинарда берилген баяндамалар, китепке айландырылып кайра ошол тилдерде жарыяланат.

Угуучу катары семинарга катышкысы келгендер, эң кеч 2018-жылдын 15-октябрына чейин «www.maturidi.org» адресинен кайрылса болот.



Тектеш кабарлар