Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасындагы миналар тазалана баштады

Эки өлкөнүн чек арасындагы 9,5 километр квадраттык аянтка мина жайгаштырылгандыгы болжолдолууда.

1065447
Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасындагы миналар тазалана баштады

Өзбекстан менен Тажикстан чек арасына 20 жыл мурда коюлган миналарды тазалоо башталды.

Тажикстан чек араны коргоо бөлүктөрүнүн пресс  катчысы Мухаммед Улугхожаев журналисттерге берген маалыматында Өзбекстандын Тажикстан менен чектешкен жериндеги миналарды тазалай баштагандыгын айтты.

Улугхожаев бирдикте иш алып баруу тобунун мина тазалоо иштеринин Тажикстандын Банжикент жана Өзбекстандын Самарканд аймактарынын ортосундагы чек арада башталгандыгын маалымдады. Улугхожаев бул иштердин 2019 -  жылдын акырына чейин бүткөрүлүшү күтүлүп жаткандыгын белгиледи.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Тажикстандын президенти Имамали Рахман март айында чек арадагы миналардын тазаланышын күткөн келишимге кол койгон.

Өзбекстан менен Тажикстан чек арасындагы миналардын тазаланышы үчүн эки өлкөнүн тийиштүү мекемелеринен өкүлдөр менен мина тазалоо кызматкерлеринен турган топ апрель айында түзүлгөн. Эки өлкөнүн чек арасындагы 9,5 километр квадраттык аянтка мина жайгаштырылгандыгы болжолдолууда.

Өзбекстан 1992 – 1997 -  жылдары Тажикстандагы жарандык согуштан кийин мыйзам тышы куралдуу топтор менен банги зат аткезчилеринин өлкөгө киришине тоскоол болуу максатында 1990 – жылдардын акырында бул өлкө менен чек аранын текшерилүүсү кыйын аймактарына мина жайгаштырган.



Тектеш кабарлар