Азербайжанда түрк дүйнөсү тууралуу китеп чыкты

Жаваншир Фейзиевдин «Түрк дүйнөсү» тууралуу беш томдук китеби жарык көрдү.

1063875
Азербайжанда түрк дүйнөсү тууралуу китеп чыкты

 

Азербайжан Республикасынын Улуттук парламентинин мүчөсү, философия илимдеринин доктору Жаваншир Фейзиевдин «Түрк дүйнөсү» аттуу беш томдук китеби жарык көрдү. Китептер Түрк дүйнөсүнүн бардык чындыктарын, толук маалымат менен «Түрк дүйнөсүнүн» бөлүнүү жана биригүү өзгөчөлүктөрүн чагылдырат.

Биринчи китепте; түрк цивилизациясынын тарыхый процесси жана негизги баалуулуктары, түрк тил группасы, дүйнөдөгү түрк тарыхы жана маданияты, саясат жана дипломатиясы, түрктөрдүн эркин жашоо формасы, салттары, ааламдык –көп маданияттуулук көз карашы, алардын заманбап дүйнөдөгү орду...

Экинчи китепте; түрк этногеографиясы, байыркы түрк улуттары жана уруулары, заманбап түрк элдери, коомчулуктары, түрк диаспорасы, анын уюмдашуусундагы маселелер, дүйнөлүк түрк уюмдары жана алардын интеграция процессиндеги ролу...

Үчүнчү китепте; түрктөрдүн мамлекеттүүлүк тарыхы жана генеологиясы, мурдагы түрк мамлекеттери жана империялары, бүгүнкү күндөгү көз карандысыз Түрк республикалары жана алардын карым-катнаштары, башка мамлекеттердин ичиндеги автономдуу түрк республикалары...

Төртүнчү китепте; түркчүлүктүн учурдагы маселелери, түркчүлүк идеологиясы жана иш-аракеттери, түркчүлүктү бузган мамилелер жана теориялардын сынга алынган аналитикасы, түрктөрдүн кимлигине мамиле, заманбап түрк дүйнөсүнүн өнүгүү протенциялдары жана перспективалары туурасында так маалыматтар...

Бешинчи китепте; түрк дүйнөсүнүн алдыңкы адамдары жана мамлекет, саясат, илим, маданият жана адабият тармагындагы кызматтары менен алектенүүдө.

Эске сала кетсек, жазуучунун 2013-жылы басмадан чыккан «Түрк мамлекеттеринин биримдиги; глобалдык интеграциянын Евразия модели» аттуу китеби түрк, казак, кыргыз, орус жана босня тилдерине которулган.


Этикеткалар: #Түрк дүйнөсү

Тектеш кабарлар