Өзбекстан туризм тармагында Түркиядан үлгү алат

Өзбекстанда 2018-2022-жылдар аралыгында 278 даана отель салынышы пландалып, бул отелдердин курулушунда Түркиядагы отелдер үлгү алынат.

1051369
Өзбекстан туризм тармагында Түркиядан үлгү алат

Акыркы убакта туризмдин өнүктүрүлүшүнө карай маанилүү кадамдар ташталган Өзбекстанда 2018-2022-жылдар аралыгында 278 даана отель салынышы пландалып, бул отелдердин курулушунда Түркиядагы отелдер үлгү алынат.

Өзбекстандын туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин жарыясында 2018-2022-жылдар аралыгында өлкөдө 278 отелдин курулушунун пландалганы билдирилип, бул отелдердин мамлекет-жеке менчик өнөктөштүгү менен курулуп иштетилиши көздөлгөнү белгиленди.

Туризм тармагында Түркиянын тажрыйбаларынан пайдаланыгысы келген Өзбекстан өкмөтү, мудагы эл өкүлү Садык Бадакты Өзбекстандын туризмин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетине кеңешчи катары милдеттендирди.

Өзбекстан өкмөтү акыркы мезгилде өлкөдө туризмдин өнүгүүсүнө карата бир катар чечимдарды чыгарды. Ушул алкакта март айында арасында Түркия да орун алган бир топ өлкөгө визасыз режим же виза жеңилдигин камсыздаган Өзбекстан, эң акырында чет элдиктер үчүн ишке ашырылган убактылуу катталуу мажбурдуулугун жойду. Өзбекстан айрыкча арасында Суффа эл аралык радио астрономия байкоо үйү, Темирленк үңкүрү, Жанка көлү, Азирети Султан комплекси жана Северцев мөңгүсү да орун алган, мындан мурда атуулдардын кирүүсүнө тыюу салынган аянттарды туристтердин кыдыруусу үчүн ачты.

Өзбекстанда дагы деле чоң бөлүгү Ташкент, Самарканд, Бухара жана Хива шаарларында орун алган миңдей отель иштеп жатат.



Тектеш кабарлар