Түркиядан Кыргызстанга Курман айт жардамы...

Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат жана жубайы Василики Фырат, курмандыкка союлган малдын эттерин муктаждарга тапшырды.

1036345
Түркиядан Кыргызстанга Курман айт жардамы...

Кыргызстанда милдетин алып курмандыкка мал сойгон Түрк Кызылайы, Курман айттын алгачкы эки күнүндө миңдеген муктаждардын жүзүн жылмайтты.

Түрк Кызылайынын эл аралык программалар боюнча директору Алпер Улужандын уюштуруусу менен борбор шаар Бишкекке жакын жердеги заманбап мал союучу жайда курмандыкка мал союлду.

Улужан, Ата-журту Кыргызстанда Курман айтты тосуп алгандыгы үчүн абдан кубанганын билдирип: «Кыргызстанда 300 бодо мал союп жатабыз. Курмандыкка чалынган малдын этин таратуу иш-чарасын Элчилик жана Кыргыз Кызыл жарым айы менен бирге кылабыз»,-деп айтты.

Түрк Кызылайынын өкүлдөрүнүн карамагында курмандыкка союлган малдын эттерин пакеттерге койгон мал союучу жайдын кызматкерлери, муктаждарга жеткирилиши үчүн Кыргыз Кызыл жарым айына жөнөтүштү.

Кыргыз Кызыл жарым айынын борбордук имаратынын автопаркында уюштурулган курмандыкка союлган малдын этин таркатуу иш-чарасында малдын эттери, Кыргыз Кызыл жарым айында мындан мурда катталган муктаждарга таратылды.

Иш-чарага катышкан Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат жана жубайы Василики Фырат, курмандыкка союлган малдын эттерин муктаждарга тапшырды.



Тектеш кабарлар