Манас университетинин студенттери Анкара чебинде

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен келген студенттер үчүн Анкара чебине саякат уюштурулду.

1029338
Манас университетинин студенттери Анкара чебинде

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен келген студенттер  үчүн Анкара чебине саякат уюштурулду. Тарыхы Анкара шаарынын тарыхына барабар келген чеп галатиялыктардан тарта осмондуктардын тарыхын дагы камтыйт. Чептин ичиндеги тар көчөлөрү менен кооз дубалдары өзүнчө көркөм берип, туристтерди өзүнө тартып турарын ал жердеги туристтердин көптүгүнөн байкасак болот.

Анкара чебинин качан курулганы жөнүндө так маалыматтар жок. Бирок болжолдуу маалыматтарга таянсак галатиялыктардын келиши менен 4 миң жыл мурда курулган.   

Эске сала кетсек Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери жыл сайын Түркиянын Анадолу агенттигине жана мамлекеттик теле компаниясы ТРТга иш тажрыйбасын алууга барып турушат.



Тектеш кабарлар