Чынгыз Айтматов Эл аралык Малатия кино фестивалында эскерилет

Эл аралык Малатия кино фестивалынын алкагында кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовго арналган атайын программа уюштурулат.

1019476
Чынгыз Айтматов Эл аралык Малатия кино фестивалында эскерилет

Малатия мэриясы тарабынан быйыл сегизинчиси уюштурула турган Эл аралык Малатия кино фестивалынын алкагында кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовго арналган атайын программа уюштурулат.

Фестиваль комитетинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда 9-15-ноябрь күндөрүнүн аралыгында боло турган фестивалда дүйнөгө таанымал жазуучубуз Чынгыз Айтматов, туулганынын 90 жылдыгы, өлүмүнүн 10 жылдыгында анын чыгармаларынан тартылган тасмалар орун алган атайын программада эскерилет.

Жазуучулук турмушун 1952-жылы баштаган «Тоолор жана талаалардан жомоктор» аттуу аңгеме китеби менен даңазлана баштаган жана 1963-жылы «Ленин» атындагы сыйлыгын алган, котормочу, журналист жана мамлекеттик ишмер Чынгыз Айтматовдун ак көшөгөгө өткөрүлгөн чыгармалары фестивалдын алкагындагы «Айтматов 90 жашта» аттуу атайын прогораммада көрсөтүлөт.

Программада Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан алынып тартылган «Ак кеме» (1976), «Кызыл Алма »(1975), «Фудзиямага чыгуу» (1989), «Борооонду бекет» (1996), «Кош бол Гүлсары» (2008) кино тасмалары көрсөтүлөт.

Кино көрсөтүүлөр менен катар фестивалдын алкагында уюштурула турган «Өлүмүнүн онунчу жылында Чынгыз Айтматовду эскерүү» аттуу пргограммада кино жазуучулар Ихсан Кабилдин модератолрлугунда «Ак кеме» жана «Бороондуу бекет» кинолорунун режиссерлеру Болотбек Шамшиев жана Бакыт Карагулов менен жазуучу Йагмур Туналы катыша турган диспут уюштурулат.

Чыгармаларынын көбүндө сүйүү, достук, согуш кайгылары менен кыргыздардын салттары жана үрп адаттарын жазган Айтматов, чыгармаларында 2-Дүйнөлүк согушту жана согуш алып келген зулумдукту, жокчулукту, жакшылык жана жамандыкты калемге алган.

Адабий турмушун гезиттерде жазган аңгемелери менен баштаган Айтматов, ал жылдарда кыргыз коомчулугу туш болгон абалды да чыгармаларында чагылдырып кыргыз маданиятынын дүйнөдөгү маанилүү таанытуучуларынан бири болду.

Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» аттуу китеби Али Өзгентүрк тарабынан сценрайлештрилип «Селви бойлу ал йазмалым» аталашында кино тасма тартылып 1979-жылы ак көшөгөгө чыгарылды.

Башкы ролдорун Түркан Шорай, Кадир Инаныр жана Ахмет Мекин аткарган кино тасма, көрүүчүлөрдүн купулуна толду жана түрк киносунун унутулгус классикаларынын арасына кирди.



Тектеш кабарлар