Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда аскердик чалгындоо боюнча кызматташтык
Кыргызстан менен Казакстан аскердик чалгындоо аянтында кызматташтыкты күткөн келишимге кол койду.
![Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда аскердик чалгындоо боюнча кызматташтык](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0471/f332/3758/5b584b4a58dc9.jpg?time=1718773103)
Кыргызстан менен Казакстан аскердик чалгындоо аянтында кызматташтыкты күткөн келишимге кол койду.
Кыргызстандын башкы штабынын басма сөз борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта башкы штабдын төрагасы Райимдерди Дүйшенбиевдин өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков менен жолугушкандыгы белгиленди.
Орто Азия аймагындагы абалдар каралган жыйында тараптардын орток коопсуздуктун түзүлүшү жана эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшүндө тажрыйба алмашуунун болгондугу билдирилди.
Аскердик делегация да катышкан жыйында аскердик жана атайын күчтөрдүн машыктырылышы, операциялык пландоо жана өнөктөштүктөр да болгон аскердик кызматташтыкта түрдүү тармактарда иштердин тыгыздаштырылышына карата чечим чыгарылгандыгы билдирилди.
Жолугушуудан кийин Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда аскердик чалгындоо тармагында кызматташтык келишимине кол коюлду.
Ошол эле учурда Сакен Жасузаков Казкстандан Кыргызстанга расмий сапар менен келген биринчи коргоо министр болду.