Түндүк Кипр Түрк Республикасында Тынчтык Кыйылы майрамы

20 -  Июль тынчтык кыймылынын 44 жылдыгынан улам өткөрүлүп жаткан аземдердин экинчи күнүндө борбор шаар Лефкошада Ататүрк эстелигине гүл чамбар коюлду.

1016147
Түндүк Кипр Түрк Республикасында Тынчтык Кыйылы майрамы

Кипр Түрк Республикасында  20 – Июль Тынчтык жана Эркиндик майрамы майрамдалууда.

20 -  Июль тынчтык кыймылынын 44 жылдыгынан улам өткөрүлүп жаткан аземдердин экинчи күнүндө борбор шаар Лефкошада Ататүрк эстелигине гүл чамбар коюлду.

Бир минуталык эскерүү жана гимндин аткарылышынан кийин Түндүк Кипр түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы жана вице  - президент Фуат Октай эстеликтин атайын дептерине кол жазмаларын калтырышты.

Негизги аземдер Лефкошадагы Доктор Фазыл Күчүк бульварында өткөрүлдү. Азем  Президент Акынжынын элге салам бериши менен башталды.

Аземдерге Түркиядан вице   президент Фуат Октай, Түркия Улуттук Парламентинин спикеринин аткаруучу өкүлү Левент Гөк жана бир группа депутат катышты.

Бир тараптан «Барбарос» фрегаты, Чанаккале суу түбүндөгү кеме жана Мызрак чабуул коючусу да Гирнеде элдин зыяратына ачылды. Түрк жылдыздары да Гирне асманында өз чыгармачылыгын көрсөттү.

Ошол эле учурда Тынчтык кыймылынын 44 жылдыгынан улам түрк куралдуу күчтөрү социалдык медиа эсебинен тарыхый көрүнүштөрдү бөлүштү. Аземдер кечки сааттарда Президент Акынжынын жетекчилигинде өткөрүлө турган азем менен аяктайт.



Тектеш кабарлар