Бурсада спорттук иш-чара өтөт
Иш-чаранын үчүнчүсү Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстандын катышуусунда өткөрүлмөкчү.
Бурса мэриясы тарабынан 20-22-июлда өткөрүлө турган «Түрк дүйнөсүнүн Ата спорттору» деген аталыштагы иш-чарага, өлкөнүн ичинен жана чет өлкөдөн жалпы 309 спортчу, ошондой эле 150гө жакын өнөрпоз катышат.
Иш-чаранын үчүнчүсү Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстандан 309 спортчу жана 150 өнөрпоздун катышуусунда өткөрүлмөкчү.
Бул иш-чара түрк элдеринин ортосундагы туугандык алакаларды бекемдөө, жалпы түрк маданиятын келечектеги муундарга жеткирүү максатында уюштурулууда.
Алтыпармак районундагы «Ататүрк» аянтында боло турган ачылыш аземинде ар түрдүү программалар көрсөтүлөт.
21-июль ишемби күнү болсо улуттук мелдештер өткөрүлүп, 22-июль жекшемби күнү да иш-чарлар бир күн бою уланат.
Ал эми Хожа жайлоого тигиле турган чатырлар тарыхтагы 16 улуу түрк мамлекетин өкүлдүк кылат.