Өзбекстан менен Түркия кылмышкерлерди өткөрүп беришет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркия менен кол коюлган кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча келишимди бекитти.

1011362
Өзбекстан менен Түркия кылмышкерлерди өткөрүп беришет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, президент Режеп Таййип Эрдогандын Ташкентке сапары убагында 30-апрелде кол коюлган кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча келишимди бекитти.

Мирзиеевден мурда жобону бекиткен Өзбекстан Сенатынын билдирүүсүндө бул келишимдин, кылмышкерлердин сөзсүз жазаландырылышы үчүн укуктук негиз түзгөндүгү жана эки өлкөнүн ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү тармагындагы кызматташууну дагы да таасирдүү абалга алып келээри белгиленди.

Келишимге Эрдогандын сапары убагында Өзбекстан Прокурордугу жана Түркиянын Адилет министрлигинин деңгээлинде кол коюлган болчу.



Тектеш кабарлар