Түштүк Казакстан Түркстанга айланды

Нурсултан Назарбаев, Түштүк Казакстан чөлкөмүнүн атынын «Түркстан» деп өзгөртүлүшү жана облустун борборунун Түркстан шаарына көчүрүлүшү тууралуу токтомду бекитти.

995408
Түштүк Казакстан Түркстанга айланды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түштүк Казакстан чөлкөмүнүн атынын «Түркстан» деп өзгөртүлүшү жана облустун борборунун Түркстан шаарына көчүрүлүшү тууралуу токтомду бекитти.

Президент Назарбаев, Түштүк Казакстандын облустук борбору Чимкентке мэрия статусу берилишин, облустун атынын Түркстан облусу деп өзгөртүлүшү жана облус борборунун Түркстан шаарына көчүрүлүшүн көздөгөн «Казакстандын айрым администрациялык жана аймактык түзүлүшү темаларына» байланыштуу токтомго азем менен кол койду.

Назарбаев, бул жердеги сөзүндө 1 миллиондон ашуун калкы болгон Чимкентке мэрия статусу берилгенине шилтеме кылып: «Түркстан облусунун борбору, кылымдар бою Казак Хандыгынын жана бүтүндөй Түрк Дүйнөсүнүн саясий жана руханий турмушунун жүрөгүндөй болгон Түркстан шаары болот»,-деди.

Бул токтомдун тарыхый мааниси болгонун баса белгилеген президент Назарбаев: «Чимкент бир гана өлкөбүздүн эмес, Орто Азия чөлкөмүнүн инвестициялар, технологиялар жана интеллектуалдык булактары үчүн жаңы борбор болот. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жана потенциалдар бар»,-деп айтты.

Назарбаев айрыкча Чимкентке мэрия статусу берилишинин шаардын социалдык жана экономикалык тең салмактуулугу менен аймактагы элдин жашоо сапатынын арттырылышы үчүн туруктуу ылдамдык киргизе турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар