Казакстан Ливанга аскер жиберет

Казакстанда парламент президент Нурсултан Назарбаевдин БУУнун Ливан убактылуу кызмат күчү миссиясына 120 аскерден турган аскердик бөлүк жиберүү сунушун бекитти.

993084
Казакстан Ливанга аскер жиберет

Казакстанда парламент Президент Нурсултан Назарбаевдин БУУнун Ливан убактылуу кызмат күчү миссиясына 120 аскерден турган аскердик бөлүк жиберүү сунушун бекитти.

Сунуш Казакстан парламентинин үстүңкү канаты сенат менен астыңкы канаты парламенттин биргелешкен отурумунда депутаттар тарабынан кабыл алынды.

Отурумда Президент Назарбаевдин Казакстандын БУУнун операцияларына катышуунун аймактык өлчөмүнүн кеңейтилишине байланыштуу сунушу коргоо министри Сакен Жасузаков тарабынан окулду. Сунушта Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине БУУнун тынчтыкты коргоо миссияларына аскердик байкоочу жана катышууну арттыруу үчүн кайрылгандыгын белгилеген Назарбаев : «Тынчтык күчүнүн БУУнун миссиясына жиберилиши, эл аралык коопсуздукка салым кошуу менен бирге Казакстандын эл аралык коомдун жооптуу мүчөсү катары абалын бекемдейт»,- деди.

Президент Назарбаев Казакстандын БУУнун Ливан тынчтык күчү миссиясына аскер жиберүү үчүн даярдык көргөндүгүн, бул жердеги катышуунун Казакстан куралдуу күчтөрүнүн башка өлкөлөрдүн бөлүктөрү менен тажрыйба алмашуу жана пландоо тууралуу иштешин, тынчтыкты коргоо жана адамзаттык операциялары үчүн аскердик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшүн, Жакынкы Чыгыштын климаттык шарттарында согуштук даярдыгын сыноосуна мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

 



Тектеш кабарлар