Казакстандын Президенти Кытайда жолугушууларды өткөрүүдө

Президенттиктин басма сөз кызматынан берилген маалыматка караганда Президент Нурсултан Назарбаев кечээ Кытайдын борбор шаары Пекинге барды.

988180
Казакстандын Президенти Кытайда жолугушууларды өткөрүүдө

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев 9 – 10 -  июнь күндөрүнүн арасында өткөрүлө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинен мурда Кытай Эл Республикасында жолугушууларды өткөрүүдө.

Президенттиктин басма сөз кызматынан берилген маалыматка караганда Президент Нурсултан Назарбаев кечээ Кытайдын борбор шаары Пекинге барды.

Кытайдын мамлекет башчысы Си  Цзиньпин жана премьер  - министр Ли Кычианг менен жолугушкан Президент Назарбаев Кытай  - Казакстан ишкерлеринин биргелешкен жыйынына катышып, кээ бир инвестиция документтерине кол коюу аземине катышат.

Президент Назарбаев андан кийин Кытайдын чыгышындагы Шандонг аймагынын Кингдао шаарында аймактык жана эл аралык күн тартип темалары карала турган, Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн бул шаарга барат.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар