Сапар Исаков эки айга камакка алынды

Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылган болчу.

986861
Сапар Исаков эки айга камакка алынды

Мурдагы Премьер-министр Сапар Исаков эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Исаковдун баш коргоо чарасын караган соттук жараянда УКМКнын тергөөчүсү тергөө амалдары аяктаганга чейин аны камакка алууну сунуштады. Жыйынтыгында, Сапар Исаков УКМКнын тергөө жайында эки ай камакта болот.

Эскерте кетсек, 29-майда Бишкек шаарындагы Жылуулук-электр борборун модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылган. 

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Исаков 2013-жылы Президенттин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында туруп, “Бишкек ТЭЦин модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. 

Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилгенин буга чейин атайын кызмат маалымдаган эле.

КТРК



Тектеш кабарлар