Кыргыз туугандарыбыз менен кызматташтык жана достук көпүрөсүн курууну максаттап жатабыз

Кескин, ТКТРнын туризм секторунда миңден ашуун кыргызстандык иштеп жатканын айтты.

983354
Кыргыз туугандарыбыз менен кызматташтык жана достук көпүрөсүн курууну максаттап жатабыз

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Кыргызстандагы өкүлү Атынч Кескин, ТКТР катары Кыргызстан менен кызматташтык жана достук көпүрөсүн кургусу келгендерин жана ушул алкакта Кыргызстандан да күтүүлөрү болгонун айтты.

ТКТРнын жогорку билим берүү, туризм жана маданият потенциалын таанытуу максатында 11 жыл мурда Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте ачылган ТКТРнын өкүлчүлүгү милдетин жүргүзгөн Атынч Кескин: «ТКТР катары Кыргызстандын дагы күчтүү жана ийгиликтүү болушун каалайбыз. Кыргызстан учурда күчүн бардык тармакта колунан келишинче күчтөндүрүүдө. Ата журтубуздун келечекте бардык тармакта абдан өнүккөн абалга жетишин каалайбыз. Биз да салым кошууга даярбыз»,-деди.

Кескин: «Кыргыз туугандарыбыз менен кызматташтык жана достук көпүрөсүн курууну максаттап жатабыз. Бул албетте бир жактуу эле болбойт. Кыргызстандын да кадам таштоосун күтүүдөбүз. Эки өлкөнүн ортосунда абдан көп орток жагыбыз, орток тарыхыбыз бар. Орток тилди жана маданиятты бөлүшкөн элдербиз»,-деп айтты.

Эки өлкөнүн ортосунда билим алуу тармагында түзүлгөн байланыштардын маанисине токтолгон Кескин, ТКТРда 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 245 кыргызстандык студент билим алып жатканын белгилеп өттү.

Орто Азия өлкөлөрүнүн ТКТРнын туризм секторуна күн өткөн сайын дагы көп кызыгуусун улантканын айткан Кескин, ТКТРнын туризм секторунда миңден ашуун кыргызстандык иштеп жатканын айтты.

Кескин, ТКТРнын билим берүү жана туризм жолу менен Кыргызстандын экономикалык тармагынын өнүгүүсүнө салым кошконуна көңүл буруп: «ТКТРнын туризм секторунда иштөө үчүн чоң кызыгуу бар. Кыргызстандан квалификациялуу жумуш күчү туризм секторуна багыт алууда. Бул туризм тармагындагы кызматташуубуз кыйыр түрдө Кыргызстандын экономикасына чагылышууда»,-деди.

Эки өлкөнүн ортосунда сооданын өнүгүүсүн, тарых жана туризм потенциалына баа берилишин каалагандарын баса белгилеген Кескин, ТКТРнын инвесторлорун Кыргызстанга багыттоо үчүн иштерин улантып жатканын айтты.

Кыргызстанда өзүн өз өлкөсүндө жүргөндөй эле сезгенин тең бөлүшкөн Кескин: «Кыргызстанда адамдар меймандос, чынчыл жана жанга жакын болушат. Кыргыздардын үй-бүлө маданияты биздин үй-бүлө маданиятыбызга окшойт. Салттар жашатылууда. Улуттук кийимдери мени абдан кызыктырат. Кыргыздардын улуттук аспабы комузду укканда өзгөчө ырахаттанамын. Булар өлкөдө жоголбогон байлыктар. Булар абдан маанилүү нерселер. Аталарыбыздан калган маданий байлыктар урпактарга ийгиликтүү өткөрүлүүдө»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Кыргызстан

Тектеш кабарлар