Түндүк Кипр Түрк Республикасында түрк байрактарын түшүрүүгө аракет кылган эки киши камоого алынды

Окуя болгон жерге келген полиция топтору элчиликке карата провакация ыктымалына каршы кыска мөөнөттүү чукул абал жарыялады.

979402
Түндүк Кипр Түрк Республикасында түрк байрактарын түшүрүүгө аракет кылган эки киши камоого алынды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбор шаары Лефкошада түрк жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын байрактарын түшүрүүгө аракет кылган эки киши камоого алынды.

Түркиянын Лефкоша элчилигинин алдындагы эстеликтеги байракка эки киши кол салды. Ушул боюнча элчиликте кызмат кылган аскер дароо кийлигишти.

Окуя болгон жерге келген полиция топтору элчиликке карата провакация ыктымалына каршы кыска мөөнөттүү чукул абал жарыялады. Күч командасына караштуу  топтор аймакта кыска убакытка күзөттө турушуп, байрактарды түшүрүүнү каалаган эки киши кармалды. Окуя тууралуу териштирүү улантылууда.

 

 



Тектеш кабарлар