АКШ Казакстан аркылуу Афганстанга жүк ташыйт

Жеке жүктөрдү ташууда  темир жол транспортун Казакстан аркылуу аткаруу келишимине 2010 -  жылы 20 -  июнда кол коюлган болчу.

964584
АКШ Казакстан аркылуу Афганстанга жүк ташыйт

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев АКШнын Афганстанга  жеке жүк ташууну Каспий деңизиндеги Актау жана Курык порттору аркылуу аткарууну сунуш кылган токтомду бекитти.

“Казахстанская правда” гезитинин кабарына ылайык Президент Назарбаев : «АКШ менен Казакстандын ортосундагы жеке жүктөрдү ташууда  темир жолу транзитин Казакстан аркылуу ишке ашыруу келишимине» өзгөртүүлөрдүн киргизилишине байланыштуу токтомдун бекитилиши тууралуу мыйзамга кол койду.

Токтом АКШнын Афганстанга жеке жүк ташуу багытына Казакстандын Актау жана Курык портторунун кошулушун күтүүдө.

Казакстан менен АКШнын ортосунда Жеке жүктөрдү ташууда  темир жол транспортун Казакстан аркылуу аткаруу келишимине 2010 -  жылы 20 -  июнда кол коюлган болчу.

 



Тектеш кабарлар