Орусиянын Өзбекстанга инвестициялары артты

Өзбекстан Орусиянын КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң ири төртүнчү өнөктөшү

959283
Орусиянын Өзбекстанга инвестициялары артты

Орусиянын ушул күнгө чейин Өзбекстанга жалпы инвестициясы 8,5 миллиард доллар болду.

Орусиянын Өзбекстандагы соода өкүлүнүн орун басары Леонид Покровский, Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте уюштурулган Экспо-Россия Узбекистан-2018 жарманкесиндеги билдирүүсүндө, өлкөнүн ушул күнгө чейин Өзбекстанга салган жалпы инвестициясынын 8,5 миллиард доллардан ашканын билдирди.

Покровский, Өзбекстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн арасында Орусиянын эң ири төртүнчү өнөктөшү экенин жана акыркы мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн кыйла артканын айтты.

Январь-февраль айларында Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы соода көлөмүнүн 50,2 пайыз өсүп 600 миллион доллар болгонун, аты аталган мезгилде Орусиянын Өзбекстанга экспортунун 59,7 пайыз көбөйгөнүн белгилеген Покровский, өлкөдөгү валюта, салык жана бажы системаларындагы либерализация менен иш чөйрөсүнүн жакшыртылышынын эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода көлөмүнүн артуусун камсыздаганын айтты.

Орусиянын Соода палатасынын көрсөткүчтөрүнө караганда, эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода көлөмү, өткөн жылы 33,9 пайыз өсүп 3,6 миллиард доллар болду.

Орусия Өзбекстандын соода жана инвестиция өнөктөштөрүнүн арасында биринчи орунда турат. Орусиянын Газпром жана Лукойл компанияларынын Өзбекстанда ири инвестициялары бар.



Тектеш кабарлар