Кыргызстанда улуттук оюндар боюнча кино тартылат

Буга байланыштуу Кинематография департаменти кыргыздын улуттук оюндары тууралуу фильм тартууга сынак жарыялады.

958794
Кыргызстанда улуттук оюндар боюнча кино тартылат

Улуттук оюндар боюнча кино тартыла турган болду. Буга байланыштуу Кинематография департаменти кыргыздын улуттук оюндары тууралуу фильм тартууга сынак жарыялады. Аны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Тасма тартууга мамлекет колдоо көрсөтмөкчү. 

Сынакка кино чөйрөсүндө эмгектенген бардык адистер, режиссёрлор катыша алат. Талап боюнча сценарий социалдык мааниге ээ болуп, коомдун маданий-нравалык баалуулуктарын даңазалап, кино тармагын өнүктүрүүгө салымын кошкудай болушу керек.

Арыздар 31-майга чейин кабыл алынат. Ал эми жыйынтыгы 1-июлда чыгарылат.

Булак: КТРК


Этикеткалар: #Улуттук оюндар

Тектеш кабарлар