Кыргызстандын жаңы премьер  - министри шайланды

Кыргызстан парламенти тарабынан добуш берүү менен өлкөнүн жаңы премьер  - министри 50 жаштагы Мухаммедкалый Абылгазиев болду.

956171
Кыргызстандын жаңы премьер  - министри шайланды

Өлкөнүн саясий тарыхында биринчи жолу парламентте ишенимин жаңылай албаган премьер  - министр Сапар Исаков башкарган коалиция өкмөтүнүн тарашынан кийин партиянын фракция жетекчилери жаңы коалицияны түзүү ишин аяктады.

Социал демократ партиясынын фракция жетекчиси Иса Өмүркулов кезексиз отурумунда сүйлөгөн сөзүндө парламенттеги Социалдык демократ партиясы, Кыргызстан партиясы жана Бир бол  партиясынан турган коалицияга Республика  - Ата журт партиясынын кошулгандыгын билдирди. Омуркулов премьер  - министрликке парламенттин тышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевди талапкер көрсөтүүгө чечим чыгарышкандарын билдирди.

Өкмөттүн программасы жана структурасы таанытылгандан кийин парламент жаңы премьер  - министрди, программасын, өкмөт түзүлүшүн жана министрлер кеңешин өз өзүнчө бекитти.

Жалпы 120 орундуу парламенттин жалпы кеңешиндеги добуш берүүдө отурумга катышкан 115 депутаттын баары Абылгазиевдин премьер  - министрлиги үчүн кабыл добуш берди. Абылгазиев мурунку кабинетте кызмат кылгандардын жарымын алмаштырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевдин премьер  - министрлик кызматка алып келинишине байланыштуу жарлыкка кол койду.



Тектеш кабарлар