Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

954913
Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Президент Жогорку Кеңештин Өкмөткө ишеним көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу, Конституциянын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Мыйзамдын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Өкмөттү отставкага кетирди. 

Жарлыкка ылайык, Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Өкмөттүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет. 



Тектеш кабарлар