Түрк дүйнөсүнүн Адабият журналдары курултайы өтүп жатат

Курултай 19-апрелге чейин уланат.

953532
Түрк дүйнөсүнүн Адабият журналдары курултайы өтүп жатат

Түрк дүйнөсүнүн Адабият журналдары курултайы Кастамонуда чогулду.

Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ жана Евразия жазуучулар союзу тарабынан быйыл тогузунчусу уюштуруалган иш-чарага Азербайжан, Башкурдистан, Дагестан, Гагаузия, карачай-балкар, Казакстан, Кыргызстан, Крым, Сербия, Македония, Иран, Ирак, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Өзбекстан, Татарстан жана Түркида иш алпарган 17 адабият журналынын 28 релактору катышууда.

Евразия жазуучулар союзунун жазуу түрүндөгү маалымдоосуна караганда, курултайга Кастамонунун губернатору Яшар Карадеңиз, ТҮКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касеинов, Касатамонунун мэри Тахсин Бабаш, ТКТРнын мурдагы парламент төрагасы Исмаил Бозкурт, Азербайжандын жазуучулар союзунун төрагасы Анар Рызаев, Казакстандын жазуучулар союзунун төрагасы Улугбег Эсдевлет жана Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмероглу катышууда.

ТҮРКСОЙ тарабынан 2008-жылы Түрк маданият дүйнөсүнүн борбор шаары деп тандалган Кастамону Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) да колдогон иш-чарага алгач ирет кожоюндук кылууда.

Алгачкысы 2007-жылы Стамбулда ишке ашкан Түрк дүйнөсүнүн Адабият журналдары курултайы андан соң удаама-удаа эки жолу Анкарада, бир жолу Левкошада, Астанада, Эскишехирде, Казанда жана Түркстан шаарында өткөн.

Бул Курултай 19-апрелге чейин уланат.



Тектеш кабарлар