Азербайжан менен Ирандын ортосунда көптөгөн келишимге кол коюлду

Алиев кесиптеши Руханини расмий азем менен тосуп алды.

939895
Азербайжан менен Ирандын ортосунда көптөгөн келишимге кол коюлду

Ирандын президенти Хасан Рухани, расмий сапар менен барган Азербайжанда президент Илхам Алиев менен жолукту.

Алиев кесиптеши Руханини расмий азем менен тосуп алды.

Эки өлкөнүн гимндери ойнолгондон кийин Алиев менен Рухани, делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки лидер катышкан аземде министрлер, үй-бүлө, аял жана балдардын маселелери, спорт, маданият жана көркөм-өнөр, саламаттык сактоо жана медицина, өнөр жай, транспорт жана каржы тармактарында кызматтыштык келишимдерине кол коюлду.

Азербайжандын Энергетика министрлиги менен Ирандын мунай зат министрлигинин ортосунда, Каспий деңизинде айрым мунай зат кендеринин биргелеше иштетилиши үчүн да келишимге кол коюлду.

Алиев менен Рухани, Нефтчала областтында салынган автоунаа заваоду менен эки өлкөнүн чек араларында, Азербайжандын Астара аймагы менен Ирандын Астара аймагынын ортосунда курулган темир жолдун ачылышын ишке ашырышат.



Тектеш кабарлар