Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соода көлөмү 5 миллиард долларга жеткирилет

Казакстанда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жолугушту.

930762
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соода көлөмү 5 миллиард долларга жеткирилет

Казакстандын борбор шаары Астанада өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешүү саммитинде аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 5 миллиард долларга жеткирилиши боюнча максат коюлду.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жетектекчилигинде Президенттик сарайында өткөн саммитке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстан Парламентинин спикери Акча Нурбердиева катышты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин демилге көтөрүүсү боюнча өткөн жыйналыштын күн тартибинде Орто Азия өлкөлөрүнүн арасындагы соода, экономика, транспорт, тылдык жана башка тармактардагы кызматташтык темалары каралды.

Биргелеше кабыл алынган декларация тууралуу басма сөзгө маалымат берген Назарбаев: «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасындагы 2 миллиард доллардык соода көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдаштык»,-деди.

Ооганстандагы абалдын аймак өлкөлөрүн санааркатканына көңүл бурган Назарбаев, коопсуздук тармагында кызматташтык кылуу боюнча макулдашкандарын айтты.

Назарбаев, «Сирияда согуштан жеңилген ДЕАШтын уктаган уячаларды курганын» белгилеп, «Ал согуштарга өлкөлөрүбүздүн атуулдары да катышты. Алар эми кайтышууда жана биз бул темада кылдат болушубуз керек»,-деди.

Маданий жана адамдардын ортосундагы карым-катнаштарды жандантууга чечим чыгаргандарын түшүндүргөн Назарбаев, фестиваль, жаштардын арасында жолугушуулар, спорттук мелдештер, студент алмашуу, туризмди өнүктүрүү сыяктуу темаларды талкуулагандарын айтты.

Назарбаев: «70 миллион калк жашаган Амударыя жана Сырдарыя дарыяларынын колдонулушунда саясий соодалашуу болбошу керектиги темасында макулдаштык. Маселелерди бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктары багытында чечишибиз керек»,-деп айтты.

Назарбаев, эмдиги жыйналыштын 2019-жылы март айында Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте өткөрүлүшүнө чечим чыгаргандарын айтты.

Жыйналыштын алкагында президент Назарбаев, президент Жээнбеков жана президент Мирзиеев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.



Тектеш кабарлар