Казакстанда Сирия боюнча биргелешкен декларация кабыл алынат

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов, 16-мартта Астанада боло турган жолугушууда биргелешкен декларация кабыл алууну пландагандарын айтты.

924816
Казакстанда Сирия боюнча биргелешкен декларация кабыл алынат

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зарифтин 16-мартта Астанада боло турган жолугушууда биргелешкен декларация кабыл алууну пландаганын айтты.

Казакстан Парламентинде сөз сүйлөгөн Абдрахманов: «Алган маалыматтарыма караганда кепил өлкөлөр Түркия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлери биргелешкен декларация кабыл алууну пландап жатышат. Чоң ыктымалдуулук менен бул документте мындан кийинки Астана жолугушууларынын күнү менен катар Астана процессин шыктандырууга карай негизги тенденцияларга орун берилет»,-деди.

Лавров, Чавушоглу жана Зарифтин Астанада өткөрө турган жолугушууга абдан үмүттүү болгондорун белгилеген Абдрахманов, министрлердин Чыгыш Гутадагы трагедиялуу абалдардын негизинде Астанадагы иш-аракеттерди улантуунун жолдорун издей тургандарын айтты.

Орусиянын Астанадагы Элчилининин кеңешчиси Александр Мусиенко, Лавров, Чавушоглу жана Зарифтин 16-мартта Астанада Сирия күн тартиби менен чогула тургандарын белгилеген.



Тектеш кабарлар