Эрдоган Алиевге көңүл айтты

Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

924261
Эрдоган Алиевге көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка караганда Эрдоган, Алиев менен болгон сүйлөшүүсүндө өткөн аптада Азербайжандын борбор калаасы Бакуда калыбына келтирүү (реабилитация) борборунда чыккан өрттө 30 кишинин каза болгонуна терең кайгырганын билдирди.

Азербайжандын президенти Алиев аркылуу Азербайжан калкына кайрат айтуусун билдирген президент Эрдоган, өрттө каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тиледи.

Эки лидер телефондогу сүйлөшүүнүн себебинен эки тараптуу карым-катнаштарга да токтолушту.

 



Тектеш кабарлар