Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода көлөмү өстү

Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат менен өткөргөн жолугушуудан кийин маалымат берди.

924091
Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода көлөмү өстү

Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Түркия менен соода көлөмүнүн өткөн жылы 26, 7 пайыздык өсүү менен 356 миллион долларга жеткендигин билдирди. Министр Новиков Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат менен өткөргөн жолугушуудан кийин берген маалыматында эки тараптуу соода, инвестиция жана демилгечилик тармактарында кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнө абдан чоң маани беришкендерин белгиледи.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүндө оң кыймылдын болгондугун айткан Новиков соода көлөмүндөгү өсүүнүн маанисине басым жасап, түрк инвесторолорго : «Кыргызстанга түздөн түз инвестиция салуу үчүн сүйлөшүүгө жана жардам берүүгө даярмын»,- деди.

Жолугушууда айыл  - чарба, мал  - чарбачылык, этти иштетүү, туризм жааттарына инвестиция салуу потенциалы менен бирге Кыргызстандагы Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторуна инвестиция тартуу темалары да каралды.



Тектеш кабарлар