Өзбекстан-Тажикстан чек ара бекеттери ачылды

9 чек ара бекети 10 жылдан кийин кайрадан ачылды.

921377
Өзбекстан-Тажикстан чек ара бекеттери ачылды

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы 9 чек ара бекети 10 жылдан кийин кайрадан ачылды.

Эки өлкөнүн ортосундагы «Картапа», «Кушкент», «Учтурган», «Хавастабад», «Бекабад», «Пап», «Рават», «Гулбахар» авто жолу жана «Амузанг» темир жолу чек ара бекеттери азем менен ачылды.

Аземге эки өлкөдөн тең көп сандаган жаран катышты.

«Амузанг» темир жолдон биринчи поезд каттамы 7-марттан тарта башталат.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, чек аралардын ачылуусунун эки өлкөнүн элдеринен ортосундагы туугандык байланыштардын бекемделишин жана Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы жакын коңшулук жана өз ара кызыкчылыктарга негизделген карым-катнаштардын дагы да өнүктүрүлүүсүн камсыздай турганы баса белгиленди.  

Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосунда 25 жылдык убакыттан кийин учак каттамдары кайрадан башталган болчу.

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда 16 чек ара бекети кызмат кылчу, 9 чек ара бекети менен бирге бул сан 25ке жетти.

Тажикстандын кургусу келген гидроэлектростанцияга Өзбекстандын каршы чыгуусу менен эки өлкөнүн ортосунда келишпестиктер болуп, бул боюнча 2005-2008-жылдарда айрым чек ара бекеттери жабылып калган болчу.



Тектеш кабарлар