Хожалы кыргыны Вена жана Лондондо эскерилди

Хожалы кыргынында каза болгондор эскерилип Австриянын борбор шаары Вена жана Англиянын борбор шаары Лондондо жүрүш өткөрүлдү.

917800
Хожалы кыргыны Вена жана Лондондо эскерилди
viyana hocali katliami anma1.jpg

Азербайжанда 1992-жылы 26-февралда 613 киши армяндар тарабынан кыргынга учуратылган Хожалы кыргынында каза болгондор эскерилип Австриянын борбор шаары Вена жана Англиянын борбор шаары Лондондо жүрүш өткөрүлдү.

Венанын эң кыймылдуу көчөлөрүнөн Грабенде чогулган Азербайжан жана түрк жарандары «Хожалы үчүн адилеттик» жазуусу бар плакаттар менен Азербайжандын желектерин көтөрүп жүрүштү.

Бул жердеги маалыматтандырууда, 26 жыл мурда Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалы районунда жашаган азербайжандыктардын армян аскерлери тарабынан кыргынга учуратылышы түшүндүрүлдү.

Иш-чараны уюштурган Азербайжан Түрк маданият жана ишкерлери коомунун төрагасы Йардым Гүнеш, армяндардын Хожалыда 613 куралсыз жаранды мыкаачылык менен кырганын, Азербайжандын жерлеринин 20 пайызын басып алып 1,5 миллион кишинин жерлерин таштап кетүүгө мажбур кылганын айтты.

Гүнеш Тоолуу Карабахта болгон зулумдуктун бардык адамзаттын көз алдында ишке ашканына көңүл буруп, учурда Европа баш болуп эл аралык коомчулуктун маселенин чечилишине карай адилеттүү мамиле кылбаганын айтты.

Азербайжандын тынчтыкчыл жолдор менен көп жылдар бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгилеген Гүнеш: «Биз адилеттикти каалайбыз, биз жерлерибизди кайра талап кылабыз. Хожалынын геноцид катары таанылышын талап кылабыз. Хожалыда шейит кылынган атуулдарыбыздын укуктарынын берилишин талап кылабыз»,-деп айтты.

Гүнеш Нидерландия парламентинин 1915-жылдагы окуялар тууралуу чыгарган чечимне токтолуп, «1915-жылы болгондорду абдан жакшы билселер дагы чындыктарды көрмөксөнгө салып, Түркияга каршы саясий кысым жасай алыш үчүн ушул чечимди чыгарышты»,-деп айтты.

Англиянын борбор калаасы Лондондо да Трафалгар аянтында жолуккан жүздөгөн киши Хожалы кыргынында курман болгондорду эскеришти.

Премьер-министрлик имараты орун алган Давнинг көчөсүнө чейин баскан Азербайжан жана Түркия жарандары «Хожалы үчүн адилеттик» жазуусу бар плакаттар жана өлкөнүн желектерин көтөрүп жүрүштү.

Андагы басма сөзү маалыматтандыруусунда 26 жыл мурда Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалы районунда жашаган азербайжандыктардын армян аскерлери тарабынан кыргынга учуратылышы тууралуу маалыматтарга орун берилди.



Тектеш кабарлар