Казакстандын президенти менен Кыргызстандын президенти телефон аркылуу сүйлөштү

Эки лидер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, Евразия Экономикалык Биримдигинин негизинде кызматташтыкты бекемдөө темаларын карап чыгышты.

906272
Казакстандын президенти менен Кыргызстандын президенти телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу сүйлөштү. Казакстан президенттигинин басма сөз борборунан берилген маалыматка ылайык телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки лидер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, андан мурда түзүлгөн келишимдерди турмушка ашыруу жана Евразия Экономикалык Биримдигинин негизинде кызматташтыкты бекемдөө темаларын карап чыгышты.

Маалыматта өзгөчө эки президенттин экономикалык темалардын тышында күн тартибиндеги аймактык жана эл аралык темаларда пикир алышууларда болушкандары белгиленди.

 



Тектеш кабарлар