Азербайжан АКШнын тизмесине каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хикмет Хажыев Азербайжанда ырааттуулук, коопсуздук жана коомдук тартиптин жогорку деңгээлде экендигин баса белгиледи.

886448
Азербайжан АКШнын тизмесине каршылык көрсөттү

Азербайжан АКШнын тышкы иштер министрлиги тарабынан жарыяланган тизмеде Азербайжандын террор коркунучу бар өлкө катары орун алгандыгына таң калды. Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хикмет Хажыев берген жазуу түрүндөгү маалыматта Азербайжан катары террордун бардык түрлөрүн катуу айыпташкандарын белгиледи. Акыркы жылдарда Азербайжанга келген турист санынын 24 пайызга арткандыгын, 2017 -  жылы 2, 7 миллион туристти тосуп алышкандарын айткан Хажыев буларды белгиледи : «1 -  Европа оюндары, 4 -  Ислам тилектештиги оюндары, Формула  - 1 жарыштары, АКШ жана Орусиянын башкы штабынын төрагалары, НАТО жана Орусиянын жогорку деңгээлдеги жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү өткөрүлгөн Азербайжан тууралуу АКШнын тышкы иштер министрлигинин мындай билдирүү бериши таң калтырарлык».

Азербайжанда ырааттуулук, коопсуздук жана коомдук тартиптин жогорку деңгээлде экендигин баса белгилеген Хажыев : «Армения басып алган жерлердин тышында Азербайжан өкмөтү өлкөнүн коопсуздугун текшерүү астына алган. Басып алуу аймактын тынчтык жана коопсуздугу үчүн негизги коркунуч катары калууда»,- деди.



Тектеш кабарлар