ТКТРда шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) Жогорку шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялады.

885483
ТКТРда шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) Жогорку шайлоо комиссиясы жекшемби күнү парламенттин 50 жаңы мүчөсүн белгилөө үчүн өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялады.

Буга караганда премьер-министр Хүсейин Өзгүргүн жетектеген Улуттук биримдик партиясы (UBP) добуштардын 35,57 пайызына ээ болуп жеңип чыкты, Республикачыл түрк партиясы жана Демократ партия болсо добуштарынын көбүнөн ажырады.

Жогорку шайлоо комиссиясынын төрагасы Нарин Ферди Шефик, борбор шаар Лефкошада кеңештин мүчөлөрү менен өткөргөн маалымат жыйынында шайлоо жыйынтыктарын жарыялады.

Шайлоонун жеңүүчүсү Улуттук биримдик партиясы (UBP) 21, Республикачыл түрк партиясы (CTP)12, Элдин партиясы (HP) 9, Демократ партия (DP)3, Коомчулукчул демократия партиясы (TDP) 3 жана  Жаңыдан жаралуу партиясынын (YDP) 2 эл өкүлүн парламентке киргизгенин белгилеген Шефик, аралаш добуштардын 11 пайыздай, ал эми жараксыз добуштардын да 11,7 пайыз болгонун маалымдады.

ТКТРда шайлоодон мурда Хүсейин Өзгүргүн жетектеген  Улуттук биримдик партиясы (UBP) менен Сердар Денкташ жетектеген Демократ партиянын (DP) коалициялык өкмөтү кызмат кылчу. 18 эл өкүлү орун алган Улуттук биримдик партиясы (UBP) жана 4 эл өкүлү болгон Демократ партиясынын (DP) коалициясына 4 көз карандысыз эл өкүлү да тышкарыдан колдоо көрсөтүп келген. ТКТРнын Парламентинде оппозициядагы Республикачыл түрк партиясынын (CTP) 20 жана Коомчулукчул демократия партиясынын (TDP) 3 орундугу бар эле. Парламентте өкмөткө колдоо көрсөткөндөрдөн тышкары бир көз карандысыз эл өкүлү да бар болчу.



Тектеш кабарлар