Өзбекстан-Казакстан автобус каттамдары кайрадан башталды

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы автобус каттамдары 1997-жылы токтотулган болчу.

882549
Өзбекстан-Казакстан автобус каттамдары кайрадан башталды

Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда 20 жылдан кийин кайрадан автобус каттамдары башталды.

Өзбекстандын унаа жана суу транспорту агенттиги, автобус каттамдарынын Ташкент менен Казакстандын Шымкент шаарларынын ортосунда жүргүзүлө турганын билдирди.

Каттамдын биринчи жүргүнчүлөрү эртең менен Ташкенттен жолго чыгышты.

Өзбекстандын «Гишт куприк» жана Казастандын «Жибек жол» чек ара бекеттеринен өтө турган автобустун, эки шаардын ортосундагы 145 километрди орто эсеп менен 3 саатта аякташы күтүлүүдө.

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы тартиптүү автобус каттамдары 1997-жылы токтотулган болчу.

Акыркы мезгилдерде эки тараптуу карым-катнаштарды бекемдеген Өзбекстан менен Казакстан, өткөн жылы да Ташкент жана Алматы шаарларынын ортосунда поезд каттамдарын баштаткан болчу.



Тектеш кабарлар