Кыргызстанда 2018 - жылдын бюджет мыйзамы бекитилди
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018 - жылдын бюджет мыйзамы бекитилди.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018 - жылдын бюджет мыйзамы бекитилди. Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматта Жээнбеков коалиция өкмөтүнүн премьер - министри Сапар Исаковдун кабинети тарабынан даярдалган жана парламенттин тийиштүү комиссияларынан өтүп жалпы кеңеште кабыл алынган 2018 - жылдын бюджет мыйзамын бекиткендиги белгиленди.
Бекитилген бюджетке караганда 2018 - жылдын бюджетинде кирешелер 140 миллиард 882 миллион 200 миң сом, чыгашалар болсо 161 миллиард 149 миллион 300 миң сом болот. Алдыдагы жылы Кыргызстандын кирешелеринин улуттук кирешесинин 26, 2 пайызына, чыгашалардын болсо улуттук кирешенин 30 пайызына тең келиши күтүлүүдө. Бюджет кемчилиги болсо 20 миллиард 267 миллион 100 миң сом болушу күтүлүүдө.