Кипрде 2018-жыл шайлоолор менен өтөт

Кипр аралында 2018-жылы кандай шайлоолор өтөт?

875550
Кипрде 2018-жыл шайлоолор менен өтөт

Т

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) боло трурган парламенттик шайлоо менен Түштүк Кипр Рум бөлүгүндө боло турган «президенттик» шайлоосу Аралда 2018-жылдын эң маанилүү күн тартип беренелерин түзөт.

ТКТРда 7-январда мөөнөтөнүн мурда шайлоо өтөт.

Коомдук пикирди иликтөөлөрдө премьер-министр Хүсейин Өзгүргүн жетекетеген бийликтеги Улуттук Биримдик партиясы шайлоодон жеңиш менен чыга турганын көрсөтүүдө.

Бир тараптан шайлоо жарышына Президенттик шайлоолордо 20 пайыздык добушка ээ болгон, мурдагы сүйлөшүүчү Кудрет Өзерсайдын да кошулушу менен үкөктөн ошондой эле коалиция өкмөтү чыга турганы боюнча көз караш басымдуу боло баштады.

Адистер, оңчул бийликтеги партиясы UBPны биринчи партия катары көрсөтсө дагы, шайлоодон чыга турган жыйынтыкка караганда Республикачыл Түрк партиясы (РТП) менен Элдик партиянын кура турган сол коалициялык өкмөтү да көз жаздымда калтырылган жок.

Түштүк Кипр Рум бөлүгүндө болсо 28-январда «Президенттик» шайлоосунун биринчи айлампасы өткөрүлөт.

Шайлоолордо акыркы 5 жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн консервативисттер жана либералдар түзгөн Демократиялык жапырт күрөш партиясынын (DİSİ) талапкери Никос Анастасиадис менен чечүүчү жол табылышын жактаган коммунист АКЕЛ партиясы колдогон Ставрос Малас жана Демократ партиянын  (DİKO) талапкери Никос Пападопулос көңүл бурууда.

Коомдук пикирди иликтөөлөрдө шайлоолордо экинчи айлампага Никос Анастасиадис менен Николас Пападопулостун же болбосо Анастасиадис менен Маластын калган учурунда экинчи айлампаны рум лидери Анастасиадистин аз айырма менен жеңе турганы божомолдонууда.


Этикеткалар: #Кипр , #Аралда , #2018-жылдын

Тектеш кабарлар