Түрк дүйнөсүнүн театр сыйлыктары ээлерине тапшырылды
«Эң мыкты театр чыгармасы» номинациясында биринчиликти казак жазуучу Ахметжан Ашири жеңип алды
![Түрк дүйнөсүнүн театр сыйлыктары ээлерине тапшырылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3961/d804/0a27/5a3b5e54d4934.jpg?time=1718926412)
Түрк дүйнөсүнүн эң престиждүү театр сыйлыктары катары көрсөтүлгөн жана быйыл экинчиси уюштурулган Эл аралык «Деде Коркут» атындагы театр чыгармалары сынагында ийгиликтүү болгондорго сыйлыктары тапшырылды.
Маданият жана туризм министрлигинин автордук укук боюнча башкы директорулугунун жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Башкы директорлуктун колдоосу менен Евразия жазуучулар союзу тарабынан ишке ашырылды.
«Эң мыкты театр чыгармасы» номинациясында сыйлыктар берилген иш-чарада биринчиликти казак жазуучу Ахметжан Ашири «Шарбак» аттуу чыгармасы менен жеңип алды.
Ашири, сыйлыкты Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Эскишехирден эл өкүлү Наби Авжынын колунан алды.
Ошол эле номинацияда экинчиликке Түркиядан Лүтфү Шахсувароглунун «Тугрул мырзанын түшү», үчүнчүлүккө болсо азербайжандык Периван Нуралиеванын «Арастан ашып өтөт» спектакли ылайык көрүлдү.