Кыргызстандын Орусия менен болгон соода көлөмү өсүүдө

Путин, борбор шаар Москвада Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолукту.

858100
Кыргызстандын Орусия менен болгон соода көлөмү өсүүдө

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕЭБ) кошулушунан кийин Орусия менен соода көлөмүнүн ылдам түрдө өскөнүн белгилеп: «Кыргызстан менен бир гана экономикалык эмес, коопсуздук темаларында да кызматташтыкты арттырууну ойлоодобуз»,-деди.

Путин, борбор шаар Москвада Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолукту.

Кыргызстанда өткөн айда болгон президенттик шайлоону жеңип чыккан Жээнбековду куттуктаган Путин: «Айрыкча алгачкы чет өлкөгө сапарыңызды Орусияга жасаган болушуңуз бизди кубандырат»,-деп айтты.

Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушунан кийин Орусия менен соода көлөмүнүн 30 пайыз өскөнүн баса белгилеген Путин: «Өзгөчө Кыргызстандан азык-түлүк импортубуз эки эсеге көбөйдү. Булардын оң белгилер болгонун ойлоодомун. Кыргызстан менен бир гана экономикалык эмес, коопсуздук темаларында да кызматташтыкты арттырууну ойлоп жатабыз»,-деди.

Жээнбеков да алгачкы чет өлкөгө сапарын Орусияга жасаганын шилтеме кылып: «Муну менен Орусия менен карым-катнаштарыбызды өнүктүрүүгө карай чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтүүдөбүз»,-деп айтты.

Кыргыз калкына жардамдарынан улам Путинге ырахматын айткан Жээнбеков, Орусиянын Кыргызстан үчүн алдыңкы өнөктөштөрдөн бири болушун уланта турганын айтты.

 



Тектеш кабарлар