Кыргызстандын президенти С. Жээнбековдун алгачкы иш сапары Орусиядан башталды

15 -  октябрда Кыргызстанда болгон президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбеков 24 -  ноябрда ант берип расмий түрдө ишин баштаган.

857455
Кыргызстандын президенти С. Жээнбековдун алгачкы иш сапары Орусиядан башталды

Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун алгачкы иш сапары Орусиядан башталды.

Орус тарабынын чакыруусу менен ишке аша турган сапардын тышкы саясат багытынын Орусия менен союздаштыкты күчтөндүрүп, тереңдетет деген мааниге келгендиги белгиленди.

Жээнбеков Москва сапарынын алкагында Орусиянын президенти В. Путин менен жолугушат. Жолугушууда кызматташтык темаларынын каралышы жана актуалдуу темаларда пикир алышуулардын болушу күтүлүүдө. Жээнбековдун айрыкча Орусиянын премьер  - министри Дмитрий Медведев менен жолугушуусу жана тараптардын соода жана экономикалык маселелердин каралышы күтүлүүдө.

15 -  октябрда Кыргызстанда болгон президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбеков 24 -  ноябрда ант берип расмий түрдө ишин баштаган.



Тектеш кабарлар